Кыргызстанга Ирактан баӊгичилик илдетине чалдыккан биринчи бейтап келди.

      Баӊгичилик илдетин дарылоочу “Назаралиевтин медициналык борбору” дүйнѳнүн булуӊ-бурчунан келген бейтаптарды кабыл алат. Бул рубрикабызда биз бейтаптардын макулдугу менен алардын башынан ѳткѳн эӊ кызыктуу окуяларын айтып беребиз.
 “Назаралиевтин медициналык борборунун” иштеп жатканына 25 жылдын жүзү толду, бирок араб ѳлкѳлѳрүнѳн келген бейтаптардын чоӊ агымы акыркы 2 жылдан бери байкалууда. Ондогон кайрылуулардын арасынан бел байлап дарыланууга келген бейтаптардын бири, бул Обайда Хусейн. 9 февраль айында тѳрт учак алмаштырып, үч ѳлкѳ аркылуу учуп Обайда атасы менен Бишкеке келди. Анын жашы 37 де, кесиби боюнча Багдадта кан тамырлар хирургу болуп иштейт, беш жылдан бери тамырына петидин (опиоид тобундагы медициналык дары) баӊгизатын сайынып келет. Бул баӊгизат Обайдага анын кесибине байланыштуу жеткиликтүү болуп келген.
       Анын сѳзү боюнча ал эч качан баӊгизатын кѳчѳ сатуучуларынан алып кѳрбѳгѳн, жана баӊгизаттын ѳлкѳдѳгү тароо каналдарын жакшы билбейт. Антсе да, биз Обайда жана анын атасы менен бирдикте Ирактагы баӊгичилик маселеси жана жакынкы арада бул мүшкүлгѳ бийликтин ѳзгѳчѳ кѳнүл буруусу зарыл болоору жана башка маселелердин үстүндѳ ой жүгүртүп кѳрдүк.   
 2003 жылга чейин Ирактын бийлиги коом арасында баӊгичилик кѳрүнүшүнүн бар экендигин танып келген. Ѳлкѳдѳ Саддамдын бийлигинин арааны жүрүп турган. Баӊгизатын контрабандалоо ѳлүм жазасы менен жазаланган. Бийликке демократиялык ѳкмѳт келгенден кийин гана бул кѳрүнүштүн бар экендигин мойнуна алган жана нашакорлорду тизмеге алып Ибн Рушд медициналык борборуна дарыланууга жѳнѳтүп баштаган;

       Иракта расмий түрдѳ героин, кокаин, ЛСД жана башка оор баӊгизаттарга тыйуу салынган. Бирок Саддам Хусейндин бийлигинин баӊгизатты жокко чыгарууга болгон аракетинин артында анын тескерисинче ѳнүгүшүнѳ шарт түзѳ турган окуялар жүрүп турган, маселен: 1980 жылы Иранга каршы согуш, шииттерди кыруу, курдтарды тукум курут кылуу жана Кувейтти басып алуу азыр ѳлкѳ тушугуп турган баӊгичилик илдетинин ѳркүндѳп ѳсүшүнѳ шарт түздү. Хуссейндин душмандары- кѳтѳрүлүшчүлѳр, ислам революциясынын жактоочулары – баӊги заттарын ѳз жоокерлерине күч жана эрдик берүүчү зат катары гана колдонушпастан, аларды сатып пайда кѳрүп турушкан. Бүгүн “Ислам мамлекети” деп аталган террорчулар да баӊгизаттарын ѳз ишмердиктерин каржылоо максатында, анын ичинде аскерий операцияларды ишке ашырууда да колдонуп жатышат;

       Ирак аркылуу Ооган баӊгизаттарынын таралуу жолдорунун бири ѳтѳт, бул жол аркылуу баӊгизаттар кѳбүнчѳ Иран тараптан ѳтѳт;

       2003 жылы АКШ нын жана Улуу Британиянын аскерлери Иракка кирип келип Хусейнди тактан кулатышты. Анын диктатурасы жана согуштардын натыйжасында ѳлкѳдѳ саясий вакуум түзүлдү жана бул абалды Ирактагы экономикалык кыйроо ого бетер начарлатты;

       Ѳлкѳдѳгү саясат алиге чейин шиит жана суниттердин бийлик үчүн күрѳшүнѳ, исламий революциянын болуп кетүү коркунучуна жана ага туруштук берүүгѳ болгон аракеттерге байланыштуу жүрүүдѳ. Баш аламандыктын чордонуна айланган Ирак бул эки тараптуу айыгышкан тирешүүнүн майданына айлангандай. Мындай туруксуз чѳйрѳдѳ фундаментализм, терроризм, революциялар жана диний жана фундаменталисттик террорчулардын каржылоо булагына айланган баӊгизаттардын боло турганы анык.

     “Назаралиевтин медициналык борборунун” дарыгерлери бул Ирактык бейтапты айктырууга баардык аракеттерин жумшашат. Ирактык бейтапты дарылоо курсу бѳлүмдүн башчысы Марат Даудовтун кѳзѳмѳлү алдында жүрѳт.

       Кийинки 25 күндүн ичинде Обайда Хусейн жашоосундагы эӊ татаал жолдордун бирин- айыгууга карай жолду басып ѳтмѳкчү. Ал денесиндеги уулардан арылуу башкача айтканда детоксикация процессин, андан кийин Ыссык-Кѳл жергесинде  Mindcrafting психологиялык калыптануу программасын ѳтѳт, Жети-Ѳгүз жана Ош шаарларында болуп кайтат. Дарылануунун акыркы этабын ѳтѳѳр алдында дарыгерлер комиссиясы ѳз чечими менен аны же стресс-энергетикалык психотерапияны ѳтүп Таштар-Ата тоосуна жүрүш жасоого же үйүнѳ убактылуу эс алууга жиберет. Баардыгы Обайда Хусейндин дарыланууга болгон ички даярдыгына байланыштуу болот.
2015-03-26 21:52:00

VIP-сервис

Для пациентов с высоким статусом

Doctor Life

Лечение в режиме онлайн

Смотрите подробнее на нашем YouTube канале
Вернуться наверх