Главная/Новости/Омандык баӊгичилик илдетине чалдыккан бейтап акыркы үмүт менен Назаралиевтин медициналык борборуна келди.
Статья·2 мин чтения

Омандык баӊгичилик илдетине чалдыккан бейтап акыркы үмүт менен Назаралиевтин медициналык борборуна келди.

Поделиться
Бүгүн биз күнүмдүк рубрикабызда, Назаралиевтин медициналык борборуна Оман Султанатынан дарыланууга келген бейтап тууралуу айтып бермекчибиз. Оман араб ѳлкѳсү Перс кысыгында, Араб жарым аралынын түштүк-чыгышында жайгашкан, Сауд Аравиясы, Иемен жана Бириккен Араб Эмираттары менен чектешип турат. Элинин саны 3 миллион адамга чукул. Бийлик тартиби: толук монархия.
      Бейтап Насир бизге атасынын коштоосунда келди, анын жашы 33 тѳ, 17 жылдан бери баӊгизаттарын системалуу түрдѳ колдонуп келет – башкача айтканда баӊгичилик илдети кѳмѳкѳйүнѳ кѳк таштай тийген. Кыргызстанга келээр алдында Насир морфин баӊгизатын колуна, бутуна, ичине жана табарсыгына гана эмес түз эле мойнуна сайынып баштаган. Анын денесинде тамтык жок, таза жер калган эмес. “Ал Россиядан келген бензинден жана дары-дармектерден колго жазалган “крокодил” наркозатын колдонгон бетйптарга окшошуп кетет”, - дейт профессор Жеӊишбек Назаралиев. Баӊгизаттын уусуна ѳрттѳнгѳн жана терисинин алдында билинер-билинбес болуп кѳрүнгѳн тамырлары Насирдин абалынын оордугу тууралуу кабар берип турат.
      Омандын борбору Маскатта ал дартынан дарыланууга бир нече жолу аракет жазаган. 1990 жылдары бул ѳлкѳдѳ орун алмаштыруу терапиясын алуу мүмкүнчүлүгү пайда болгон. Бирок, опиат наркозаттарын метадонго алмаштыруу программасын 2000 жылдары жаап салышкан. Бүгүнкү күнү 50 орундуу бейтапканалардагы дарылануу 21 күнгѳ созулган детоксикация (“детокс”), башкача айтканда денедеги уулардан арылтуу процесси менен чектелет. Андан кийин 6 айга созулган “түзѳтүү жумуштарына” калууга болот. Бирок бул “түзѳтүү жумуштарына” ар ким ѳз эрки менен калат.
“Абдан арзан” дейт ал баӊгизаттын бир дозасынын баасы тууралуу сѳз кылып жатып. Күнүнѳ бир жолу сайынуу үчүн Насир 40 миллиграм морфинге 30 доллар тѳлѳчүү.  Оманда наркозатын колдонгондор кылмыш жазасына тартылат, жазанын эӊ катаалы 1 жылдык абак, ал эми наркозаттарын сатуу жана таратууга  6 жылдык абак жазасы берилет, бирок Насирди бул жазалар да коркуткан эмес.
      Эл-аралык наркотрафик үчүн Оман ѳтѳ деле чоӊ базар болуп эсептелбейт. Насир расмий маалыматты четке какты: алты жыл мурун нашакорлор гашиш затын колдончу, бирок анын баасы морфин менен теӊелээр замат баардыгы морфинге ѳтүп кетти. Морфин Оогандан жана Ирандан келет, ал эми синтетикалык наркозаттар жана стимуляторлор Тайланд жана Мьянмадан келет. Маскаттын кѳп кабаттуу үйлѳрүнѳн наркозатын накталай акчага сатып алса болот.
      Омандын расмий бийлиги баӊгичилик илдетине кѳбүнчѳ жаштар кабылууда дейт. Насир буга макул: анын тааныш, курдаштарынын 30% пайызы наркозаттарын колдонушат. Ѳзгѳчѳ маселе бул – аялдар арасындагы баӊгичилик. Муну талкууга салуу жагымсыз, бирок баӊгизаттарын колдонгон аялзаты автоматтык түрдѳ коомдон чыгып калат жана укуктарынан толук айрылат. Насирдин сѳзү боюнча, анын курбу кызы наркозаттардын айынан коомдон чыгып элбезерге айланып калган. Ал аны алгач чѳп нарокзаттарына кийинчерээк морфинге кѳндүрүп койгон, бул кылыгына ал азыр абдан ѳкүнѳт.
Ѳз кылыктары үчүн Насир жазасын толук алат- алдыда аны айыгууга карай оор жол күтүп турат. Назаралиевтин борборунун дарыгерлери ага жардам берүү үчүн баардык аракеттерин жумшашат, бирок канткенде да баарыдыгы бейтаптын жеке ѳзүнѳ жана анын чѳйрѳсүнѳ кѳз каранды, андыктан борбордун урааны түшүнүктүү жана жѳнѳкѳй: “Биз убада бербейбиз, биз мүмкүнчүлүк беребиз!”
Поделиться
Читайте также

Читайте также

Снюс — опилки с никотином, которые опаснее обычных сигарет
15 янв. 2024 г.

Снюс — опилки с никотином, которые опаснее обычных сигарет

Чем опасен снюс и почему он может вызвать зависимость сильнее, чем сигареты. Информация от специалистов МЦН.

Лечение алкоголизма и наркомании на дому. Почему это не гарантия успеха
14 янв. 2024 г.

Лечение алкоголизма и наркомании на дому. Почему это не гарантия успеха

Статья рассматривает вопрос о домашнем лечении зависимостей. Осознанное желание пациента избавиться от проблемы составляет «половину успеха», однако требуется активное действие. Клиника настаивает, что пациент должен самостоятельно приехать на стационарное лечение для достижения желаемых результатов.

Как убедить зависимого человека пройти лечение в рехабе
13 янв. 2024 г.

Как убедить зависимого человека пройти лечение в рехабе

9 из 10 обращений в наркологическую клинику поступают от родственников больных. Статья описывает пять ключевых стратегий убеждения зависимого человека на лечение в реабилитационном центре.

Отзывы

Что говорят наши пациенты

Реальные отзывы людей, прошедших лечение в МЦН

Когда только услышала про саму блокаду, было жутковато, но врачи клиники все рассказали доступным языком, успокоили, разложили по полочкам. Даже удивительно насколько прозрачный подход к лечению в МЦН. После сеансов еще какое-то время у меня сохранялись вялость, слабость  и перемена настроения, но зато тяга заметно уменьшилась.

А
АннаНовосибирск, Россия
1 / 12
Видео

Видео

Смотрите больше на нашем YouTube-канале:DoctorLifeTV

Premium

VIP-сервис

Для пациентов с высоким статусом

Online

Doctor Life

Лечение в режиме онлайн

Первый шаг к новой жизни — бесплатная консультация

Позвоните или напишите нам. Конфиденциальность гарантирована.